Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар чоң кубаныч менен белгилеген жана биздин өлкөлөрдүн элдери үчүн ырайымдуулуктун, сабырдуулуктун жана боорукерликтин белгиси болгон Курман айт майрамына байланыштуу сизди чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдойм.

Биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелер биздин элдерибиз үчүн мындан ары да туруктуу өнүгө берерине бекем ишенем.

Акыркы мезгилдеги жогорку жана бийик деңгээлде өткөн натыйжалуу жолугушууларда жетишилген бардык келишимдерди толугу менен ишке ашыруу өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө жана бир тууган эки элдин келечегине бекем негиз болуп кызмат кыларына үмүт артам.

Ушул берекелүү күндөрү сизге Жараткандан бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизге албан-албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо сурайм", - деп айтылат Өзбекстандын президентинин куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан