Кошуна өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттукташты

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктагандары жазылган. Азыркы учурда дагы чет өлкөнүн президенттеринин куттуктоо сөздөрү келип жатканын президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу:

"Түбү миңдеген жылдардын тереңинде тамырлаган жана адамзаттын бийик руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул берекелүү майрам мындан ары да жалпы мусулман үммөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү менен ишенимди чыңдоого өбөлгө болот деп терең ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоо сөзү:

"Кылымдардан бери таза ислам дининин гуманизм, толеранттуулук, биримдик жана өз ара түшүнүшүү, кайрымдуулук жана бири-бирин колдоо сыяктуу бийик баалуулуктарын туу тутуп келген берекелүү Курман айт (Эйд аль-Адха) майрамы мусулман жамаатынын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери мындан ары дагы ушул баа жеткис руханий негиздерге таянуу менен эки элдин кызыкчылыктарына ылайык туруктуу өнүгө берет деп бекем ишенем",- деп айтылат Тажикстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу:

"Адеп-ахлактуулук менен ыймандуулукту, жаратмандык менен ырайымдуулукту даңазалаган берекелүү Курман айт ислам дүйнөсүнүн биримдиги менен бакубатчылыгын арттыра берсин. Биздин жалпы аракетибиздин аркасында адамзатка эбегейсиз зор зыян келтирген COVID-19 пандемиясы артта калсын. Жараткан бизди ушул кыйынчылыктардан аман-эсен өткөрүп, өсүп-өнүгүүгүбүздү насип кылсын", - деп жазылат Казакстандын туңгуч президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашрафтын куттуктоосу:

"Курман айт дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын биримдигинин жана тилектештигинин белгиси. Ушул ыйык күндөрдүн урматына мен Жараткандан мусулмандардын ибадаттары менен курмандыктарын кабыл алуусун, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды экстремизм, терроризм жана жакырчылык сыяктуу учурдагы көйгөйлөрдөн арылтуусун тилейм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан