Дастан Сарыгулов: "2003-жылдагы "Кумтөр" келишимин түзүүгө депутат Роза Акназарованын да катышы бар"

"Кумтөр" боюнча 2003-жылдагы келишимди түзүүгө депутаттар Роза Акназарова ("Республика" фракциясы) менен Курманбек Осмоновдун ("Ата Журт") катыштыгы бар. Муну бүгүн, 29-октябрда маалымат жыйын берген "Кыргызалтын" ишканасынын экс-директору Дастан Сарыгулов билдирди. Айтымында, ал келишимди түзүүгө азыркы бийликтегилердин көпчүлүгүнүн катыштыгы бар.  

 

"Курманбек Осмоновдун түздөн-түз катыштыгы бар. Ал юстиция министри катары макулдашууну Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүүгө зарылчылык жоктугун, өкмөттүн токтому жетиштүү экенин айткан. Башкы прокуратура макулдашуу боюнча жакшылап иликтесе толтура фамилиялар чыгат. Мисалы, Роза Акназарованы алалы. Ал азыр толуктоо киргизүүгө макулдук бергенин айтууда. Менимче, толуктообу же башкабы, ал маанилүү эмес. Каршы болсо "каршымын" деп жазыш керек да. А кол койгондон кийин бул башка кеп",- деди Сарыгулов.   

 

Айта кетсек, депутат Роза Акназарова 2001-2005-жылдары өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан