Өлкөдө 40ка чукул медицина кызматкери COVID-19 илдетине кабылды

Өлкө аймагында бир сутка ичинде 39 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, Бишкек шаарында 20 медицина кызматкери илдетке кабылды. Калгандары:

Ош шаары - 1
Баткен облусу - 4
‍Жалал-Абад облусу - 1
Ош облусу - 1
Чүй облусу - 3

"Стационардан 8, үй карантининен 21 медицина кызматкери айыгып чыкты. Ал эми өлкө боюнча COVID-19 менен ооруган медицина кызматкерлеринин саны 6 миң 238. Алардын ичинен 5 миң 464ү айыгып чыкты", - деп билдирди Рахматуллаев.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан