Ош шаарынын коменданты: "Испаниядан келген жаран обсервацияга жаткырылган, анын апасы көз жумганы чын"

Бүгүн, 12-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аталган аймактардагы абал тууралуу маалымат жыйын берди. Аталган жыйында ал жарандардын жана журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

"Социалдык тармактарда Кара-Суу районунун Жар-Ооз айлында Испаниядан келген жаран коронавирус менен ооруп жатканын жашырган. Натыйжада оору апасына жугуп, ал көз жумган деген маалымат чынбы?" - деген суроо узатылды.

Малик Нурдинов аталган маалымат боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

"Ооба. Испаниядан келген жаран ЖОЖдордун биринде жетекчилик кызматта иштейт экен. Ал чет элге окууга барып 1-мартта келген. Чет жакка барып келгенин жашырганбы же жокпу иликтөө көрсөтөт.

Ал эми апасы каза болгону анык. Куран окутууга 100-120дай киши барган. Алардын баардыгы көзөмөлгө алынган. Тегерек четиндеги көчөлөр дезинфекциядан өттү. Тергөө иштерин улантып жатабыз, эгер ооруну жашырганы аныкталса, мыйзам алдында жоопкерчилиги каралат.

Ал жигит азыр обсервацияда жатат. Анын коңшу көчөсүндөгүлөр кабатыр болбой эле койсо болот, бүт баары медицина жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынды”,-
деди Нурдинов.

Ош шаарынын коменданты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nnn.sss
2020-04-12 13:14:13
Россиядагылар окугулачы ушундай нерселерди, кетебиз Кыргызстанга деп жанталашпай бираз ойлонгулачы
+11
tavanova.sarah
2020-04-12 13:41:52
"Шам жагалыны" ырдаган Р.Аттакорув Испаниядан келген, апасына жугуп апасы каза болду деп журотко..
+6
IL Suren
2020-04-12 13:44:42
Испаниядан келген адамды да,эропорттон өткөрүп жиберген адамды соттош керек.Чет мемлекеттен келгендердин баарын текшеребиз деп жатышпады беле.Байкуш апасы дагы көбүрөөк жашамак эле да.Россиядан келгендер да үй-бүлөөңөрдү,бүткүл Кыргызстандыктарды ойлосоңор изоляцияда болгула.
+22
adilbars
2020-04-12 23:44:56
Туура эмес маалымат тараган окшойт
-1
Gulzina1993
2020-04-13 02:48:03
Ооруну жашырсан олум ашкере болот деген создун чындыгы мына озун озу билип аэропорттон тушоору менен карантинге жатса олобу апасын жоготуптур жашырам деп
+3
Muslim1990
2020-04-13 08:20:18
Аэропорттон текшербей эшек такалап жатышты беле
+4
kumusya
2020-04-13 11:53:04
Испаниядан 1-мартта учуп келгени чынбы?
0
Arstan18.18
2020-04-13 12:09:02
Ошо ишенбеген кенебестиктин айынан
0
aliya-leyla
2020-04-13 14:31:15
Жождо иштесе анан, ошончолук келесообу? Апасын олумго кыйып, жакындарына зыян келтиргидей...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан