Жоомарт Оторбаев: “Кыргыз эли 2010-жылдагы окуялардан кийин кыйынчылыксыз жана тез калыбына келди”

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-октябрда Канаданын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Миллар менен жолугушуусунда “кыргыз эли 2010-жылдагы окуялардан кийин кыйынчылыксыз жана тез калыбына келди” деп билдирди. “Сиз өз миссияңызды аткарып бүтүп жатасыз. Биз Канаданын 2010-жылы көрсөткөн колдоосун унутпайбыз. Бул жерде сиздин салымыңыз зор. Биздин эл сабырдуулук көрсөтүп туруктуулукка жетти. Биздин өлкөдө демократия агрессивдүү түрдө көрсөтүлүп жатат. Өткөн жылы биздин өлкөдө 1200дөн ашуун митинг катталды. Туруктуулук процесси ийгиликтүү өтүп жатканын көрүп жатасыз. Экономика жаатында 9,2 пайыз өсүш Кыргызстандын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Ушул калыпты сактап калабыз деген үмүттөмүн”,- деди Оторбаев. Өз кезегинде Стефан Миллар Кыргызстанда иштөө сыймык экенин белгилеп өттү. “Мен Кыргызстанда 2010-жылы болуп өткөн окуяларга күбө болдум. Өлкөдө парламентаризм орногонун көрдүм. Биринчи жолу бийликтин тынчтык жолу менен өткөрүлүп бергени да жетишкендик. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү менен кыргыз өкмөтүнө жардам бергибиз келет”,- деди Стефан Миллар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан