Стефан Миллар: "Жогорку Кеңештин “Кумтөр” боюнча токтому тараптардын кызматташтыгында бир чечимге келүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтат"

Канаданын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Стефан Миллар бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен жолукту. Анда элчи “Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин “Кумтөр” боюнча токтому тараптардын кызматташтыгында бир чечимге келүү мүмкүнчүлүктөрүн азайтат” деп билдирди. Мындан сырткары өкмөттүн “Кумтөр” маселесин чечүүдөгү ролун жогору баалаарын кошумчалады. “Ошентсе да парламенттик систем Кыргызстандын элине жакшы болгон нерселерди аныктайт. Бизде инженердик компаниянын коррупцияга аралашканы билинип, жаза алышкан. Эгер “Кумтөрдө” коррупция боюнча фактылар болсо, Канада өкмөтү жазага тартуу боюнча чара колдонот. Анда көз карандысыз соттук териштирүү болот деп айта алам. Кыргыз Республикасынын аталган маселени чечүүдөгү аракеттерин баалайм”,- деди Стефан Миллар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан