Рыскелди Момбеков: "Министр сүрдөп жатса Токтайым Үмөталиеваны чакыралы"

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңеште министрлер кабинети жөнүндө конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Мыйзамдын долбоору боюнча докладчылардын даяр эместиги бир катар депутаттарды нааразы кылды. Президенттин өкүлү Анарбек Калмаматов юстиция министри Асель Чыныбаева сүрдөп жаткандыгын айтып, мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн депутаттардан суранды.

Буга депутат Рыскелди Момбеков нааразычылыгын билдирип, мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр бар экенин айтты.

"Министр сүрдөбөшү үчүн Токтайым Үмөталиеваны чакырып берелиби? Бул сүрдөгөндүкпү, 9-беренеде министрлер кабинетинин мүчөсүндө мамлекеттик сыйлыгы бар болсо, камакка алынышы мүмкүн эмес деп жазып алыптыр. Бул түркөйлүк. Министрлердин баарында жок дегенде мактоо баракчасы бар. Алардын бирөөсүн дагы камакка албай турган болсок, кантип коррупция менен күрөшөсүңөр? Анда министрлер кабинетин Кызыл китепке киргизип койбойлукпу, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жанына сейрек кездешүүчү адамдар деп жазып коёлу. Ушундай дагы мыйзамды алып келесиңерби?" - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан