Сарууда кармалган УКМКнын кызматкерлеринин унаасынан курал, таш, бензин куюлган бөтөлкө табылды деген маалымат жалган. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Сарууда сабалган УКМКнын 3 кызматкеринин унаасынан аталган каражаттар чыкканын буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Учкун Сакилов билдирген болчу. УКМК аталган кызматкерлердин автоунаасы текшерилгенин, бирок эч кандай курал-жарак табылбаганын билдирет.