"Токио-2020" жайкы Олимпиадасында Кыргыз өлкөсүнүн намысын 16 спортчу коргойт. SUPER.KG порталы Олимпиадага жолдомо утуп алган спортчулардын өмүр баянын, жетишкендиктерин тизмектеп чыкты.
Аты-жөнү: Нурсултан Кеңешбеков;
Туулган жылы: 2000-жыл 25-март;
Спорттун түрү: Жеңил атлетика;
Машыктыруучусу: Сатыбек Чокаев;
Спорттук наамы: Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
Жетишкендиктери:
2021-жыл Иранда өткөн эл аралык мелдеште алтын жана коло медалдын ээси.
"Токио-2020" Олимпиадасы 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөт.