Орусияда дары кампасынан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бири Кыргыз жараны болгон

Орусиянын Москва облусунда "ЦентрСервис" фармацевтикалык компаниясынын кампасынан эки адамдын жансыз денеси табылды. Алардын бирөөсү Кыргыз жараны болгон. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири 1981-жылы туулган Лиллиана Чоту аттуу жаран болгон. Анын денесинин беш жеринде бычак менен келтирилген жаракаттар аныкталган. Тагыраагы, көкүрөк тушу, курсагы, моюну жана жүзүнүн сол тарабы мурундан кулагына чейин кесилген.

Ал эми сөөгү табылган экинчи адам 1965-жылы туулган Атынбек Айбашов аттуу Кыргыз жараны. Иликтөөнүн жыйынтыгында ал өзүн-өзү өлтүргөнү маалым болгон.

Ошондой эле Кыргыз жаранынын жанынан каракалпак тилинде жазылган кат дагы табылган. Катта Лиллиана Чоту аны мазактаганы, ал тургай эки жолу бычак менен өлтүрүүгө аракет кылганы жазылган. Андан соң ал Чотуну бычак менен өлтүрүп, кийин өз жанын кыйганын жазып калтырган.

Берилген маалыматтар боюнча, жансыз денеси табылган эки жаран тең Москва облусунда каттоодо турган. Бирок Раменск шаарында жашашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kombi
2021-07-22 15:17:32
Эмне учун Кара калпак тилинде жазган же кара калпак болгонбу КР жараны
+1
Birimdik5555
2021-07-22 15:50:49
Kombi,паспортту сатып алгандыр да биздикилерден
+8
Zumrudianka
2021-07-22 18:30:09
Birimdik5555,паспорт столдогулар акча берсен ###### сатышат. Алар арзан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан