Президент облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыктарга ылайык:

- Абдикарим Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Сабыркул Ашимбаев Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Бакытбек Нарбеков Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Эркин Тентишев Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан