Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңеште "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
99 эл өкүлү "макул" деп добуш берсе, 7 депутат каршы болду.
Белгилей кетсек, долбоорду талкуулоо учурунда айрым депутаттар бул мыйзам долбоору чийки, кемчиликтери көп экенин айтышты. Бирок бир күн мурда Садыр Жапаров менен жолугушкан депутаттар президент сунуштаган мыйзам долбооруна добуш берүүгө убада беришкени белгилүү болду. Президент депутаттардан бул мыйзамды колдоп берүүсүн суранган. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев жыйында билдирди.
"Биз шайлоону 35/55 схемасы боюнча өткөрүүнү макулдашканбыз. 35 талапкер бир мандаттуу округдан, 55 талапкер преференциалдуу шайлоо системасы менен шайланып келет. Бүгүн БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова парламентке келип, иш жүзүндө бардыгы кандайча жасала тургандыгын түшүндүрүшү керек болчу", - деди Рысбаев.
Эскерте кетсек, преференциалдуу шайлоо системасында шайлоочу партия үчүн гана эмес, ар бир депутаттыкка талапкер үчүн өзүнчө добуш берет.