Биз социалдык тармакта

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин өмүр баяны

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абдикарим Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Өмүр баяны:

Абдикарим Алимбаев 1973-жыл 19-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Билими:

1992-1995-жылдары Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Аскер институту;

2004-2006-жылдары Орусия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Аскер академиясын аяктаган.

Аскердик наамы: Полковник

Эмгек жолу:

1996-жылы - Мамлекеттик чек ара кызматында жетекчинин орун басары;

1999-жыл - Мамлекеттик чек ара кызматындагы 131 чек ара отрядынын "Алай" заставасында жетекчиси;

2001-жылы Коргоо министрлигинин Ош башкармалыгында төрага;

2021-жылдын 5-майынан бери өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2021-жылдын июль айынан тарта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан