Бүгүн, 23-июлда президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды. Анда ал вакцина алып бүтүп, жалпы элге кайрылды.
"Урматтуу Кыргыз элим, мен сиздердин бардыгыңыздарга кайрылып кетем. Вакцина алгыла. Жалган маалымат тараткан, чагымчылдык кылгандарга ишенбегиле. Өзгөчө социалдык тармактарда бул вакцина элге зыян алып келет деген пикирлер болууда. Ошондой эле аксакалдарга дагы кайрылам, антип элди адаштырбаңыздар. Бул вакцинаны эч ким кыйнап алдырбайт. Бул ар бир адамдын жеке каалоосу. Мына мен бүгүн алдым", - деди Жапаров.