Орусия өлкөгө кирген мигранттарга жаңы талап киргизди. Ага ылайык, Кыргыз жарандары 25-июлдан тарта Орусиянын аймагына кирүүдө ПЦР-анализдин жыйынтыгын "COVID-19суз саякаттайм" уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Коңшу өлкөнүн өкмөтү Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин аймагынан аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЦР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу буйрук чыгарды. Анализ Орусиянын аймагына кирүүдө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.
Ошондой эле Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик жол менен кирген адамдарга, эгерде алар ПЦР-анализинин терс натыйжасын, ошондой эле билеттерди жана отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылыктар берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
1-сентябрдан тартып Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин жарандары үчүн тиркеме милдеттүү болот.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакка саякаттагандар үчүн ПЦР-анализди эки мамлекеттик лаборатория: Бишкек шаарындагы Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы жана Ош шаарындагы вирусологиялык лаборатория, ошондой эле "COVID-19суз саякаттайм" маалымат тутумуна кошулган жеке лабораториялар жүргүзөт.