Өлкө башчы Садыр Жапаров Бельгия королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты. Мындай маалыматты президенттик аппарат кабарлады.
"Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Бельгиянын түштүк провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгыр буга чейин болуп көрбөгөндөй суу ташкынына алып келген. Бельгиянын премьер-министри Александр де Кроонун айтымында, суу ташкыны өлкөнүн тарыхындагы эң катастрофалуу окуя катары болуп калган. Суу каптоодон 37 адам каза болду.