Бүгүн, 27-июлда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын төртүнчү мелдеш күнүндө 22 комплект медаль ойнотулат.
Бүгүнкү мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн 2 спортчусу күчүн сынайт. 81 килограммга чейинки салмак ченинде Владимир Золоев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда орусиялык Алан Хубецов менен кез келет. Кыргыз дзюдочусу мелдешке Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө чыгат.
Ушул эле күнү суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча жарышка түшөт. Кыргыз суучулу мелдешке болжол менен 16:50дө чыгат.
24-июлда Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүүдө 49 спортчунун ичинен 27-орунду камсыздаган.