Өлкөдө 27-июлга карата 969 адам COVID-19 илдетине чалдыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы 611 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Калгандары башка аймактардан катталды:
Ош шаары - 6
Чүй облусу – 86
Ош облусу – 22
Талас облусу - 18
Нарын облусу - 20
Ысык-Көл облусу – 59
Жалал-Абад облусу – 88
Баткен облусу - 59
Өлкөдө жалпы 159 миң 89 адам COVID-19 илдетине кабылды.