19-марттан баштап Кыргыз өлкөсүнө бардык чет элдик жарандарга кирүүгө тыюу салынды

Кыргыз өлкөсүнө бардык чет элдик жарандар үчүн кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

"19-марттан баштап бардык өткөрмө пунктарга бардык чет элдик жарандар үчүн өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды. Чектөө жүк ташуучу унааларга жана алардын айдоочуларына киргизилбейт. Ошондой эле чет элдик жарандар үчүн Кыргыз өлкөсүнө визалар даярдалбайт. Ал эми чет жактан келген Кыргыз жарандары эпидемиологиялык абал туруксуз болгон мамлекеттерден келсе, карантинге жаткырылат", - дейт ал.

Өкмөт өлкөгө чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө тыюу салуу боюнча маалымат жыйын берүүдө
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
expert.007
2020-03-18 12:29:59
Эми кеч калдыңар.13 - мартта эмнеге киргизип салдыңар
+3
XAN-TORO
2020-03-18 12:34:17
expert.007,кыргыз жараны болсо качан келсе да киргизет
+1
Bekish-
2020-03-18 12:36:26
Каирусту киргизип анан жаптыбы
+1
bond02
2020-03-18 13:17:59
Давно жабыш керек болчу.
+2
vikidiki
2020-03-18 14:42:24
10нан баштар киргизбей,чет жерден келген биздин жарандарды карантинге алыш керек болчу
0
pero5184
2020-03-18 14:57:09
Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан