Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда коронавирус жок экенин тастыктады

Саламаттыкты сактоо уюмунун Тажикстан мамлекетиндеги өкүлү Галина Перфельева аталган өлкөдө коронавирус катталбаганын расмий билдирди.

Ага карабастан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Тажик жарандарын сак болууга чакырып, адамдар көп топтолуучу жайларга барбоону эскертти.

"Бүгүнкү күнгө чейин жасалып келген лабораториялык анализдердин баары Тажикстанда COVID-19 вирусун тастыкталганын көрсөтө элек. Ошондой эле коронавирусту аныктоочу 700дөн ашык изилдөө жүргүзүлдү. Азырынча бул өлкөдө вирус жуктуруп алган жарандар боло элек. Учурда дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Бирок өлкө пандемиянын алдын алуу үчүн тест-системдерди, керектүү медициналык каражаттарды алып жана ыктыярчыларды даярдап жатат", - деген Галина Перфельева.

Азия мамлекеттеринде вирус каттала элек эки гана өлкө калды. Алар Тажикстан менен Түркмөнстан.

Ал эми Европада акыркылардан болуп 17-мартта Черногория мамлекетинде коронавирус катталды. Ошентип COVID-19 вирусунан жалпы Европа жабыркап жатат.

Мындан тышкары коронавирус Антарктика континентине кире элек. Акыркы маалыматтар боюнча ал жакта бир нече миң адам жашайт. Алар уюлдук станциялардын кызматкерлери.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
murat17
2020-04-01 23:40:24
ишенуу кыйын тазиктер ар жерде шимшилеп журушот буларда жок дегенге ишенуу кыйын Туркменистан бул зактрытый страна алар уже тушунуктуу
+10
ilgizk
2020-04-01 23:49:35
Тажикстанда болушу мүмкүн булар да жашырышат
+10
assanov97
2020-04-02 00:00:43
Суротто ирандын желегиго
+8
murat17
2020-04-02 00:13:45
assanov97,тажиктики эле бирок айрымасы деле жок иран афган тажик курд лолу булардын тили бир фарс
+8
Samatalibei
2020-04-02 02:02:09
Жок эле болсун биздин өлкөдө да оору жоголуп кетсин!
+9
algakaray
2020-04-02 02:05:49
Таджикстан мн Таласта жок. Жок эле болсун! Кудай сактасын!
-6
Safiya91
2020-04-02 03:04:15
Тажикстан Уханда башталаганда границасын жапкан январдын аягында.
+11
guli-1980
2020-04-02 03:12:43
Тажикстанда закон кучтуу. Вирус чыкканда эле границаны жаар умра ажыга дагы чыгарган эмес. Эми тынч отурат
+9
Store
2020-04-02 04:11:20
Булар паника кылбай эле отурушат жок деп. Өзү биздегилерде деле жок, болгону каарылыктын айынан жөтөл, грипп, тамак ооруга чалдыгышып калса, анан аларды "Кокуй сизде вирус бар экен" деп тиги ары жок докторлор паника кылышып алардын оорууларын ого бетер күчөтүп салыштыда. Азыр жаз болуп, аба сухой кезде жөтөл, тамак ооруу, грипп ооруулардын болушу кадимки эле көрүнүшта, аны биздин сабатсыздар "Коронавирус" деп тимеле баары жокту ызы-чуу кылып бүтүштү!
-15
Danysh1
2020-04-02 04:32:58
Аманчылык эле болсун оорулар катталбай эле койсун катала элек мамлекетерде
Каталган мамлекеттер тез айыгып женип кетсин оорудан алыс болойлу
+5
bazar
2020-04-02 07:52:14
Тажиктер мечиттерде жума намаз окуганга 5-мартта эле тыю салып койгон. Бизде болсо коронавирус чыккандан кийин араң токтотушту
+3
murat17
2020-04-02 16:26:31
bazar,ошондо жума намаз куноолубу
-2
Agayu
2020-04-02 09:37:42
Булар да жоктугунун себеби бар , булар деерлик саякоттону аз кылышат жана ысырап керчиликке өтө маани беришет.Россияда гана болбосо
+3
anonymous
2020-04-02 11:13:19
Арстан алай адашып калыптыр
-1
temirov76
2020-04-03 09:50:29
anonymous,анан силер туура деп журот беленер?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан