Биринчи Май райондук сотунун алдында Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары митинг өткөрүүдө

Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митинг өткөрүшүүдө.

Митингге болжол менен 200дөй адам катышып алар эл өкүлдөрүн үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Митингге чыккандар колдоруна "Мыйзамсыз камоолорго жол берилбесин", "Асылбек Жээнбековго эркиндик", "Эл уулу Төрөбай Зулпукаровго боштондук" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, депутат Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-07-27 13:18:31
Камалсын жегичтер
+4
Apyn8793
2021-07-27 14:21:52
2000диктер булар )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан