Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров 26-июлда жол кырсыгына кабылганы маалым болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы өздүк булактар тарабынан автокырсыкка кабылгандардын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дагы бар экени белгилүү болду.
Бүгүн, 27-июлга карата жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 3 бейтап дарылануусун Токтогул жалпы дарыгердик практика борборунда улантууда. Алардын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.
- 1991-жылы туулган К.С. Диагнозу: баш мээнин чайкалуусу, көкүрөк тушундагы омуртканын сынышы, абалы туруктуу;
- 1968-жылы туулган М.А. Диагнозу: баш мээнин чайкалуусу, баш сөөктүн жабык жаракаты, абалы туруктуу;
- 1990-жылы туулган Н.А. Диагнозу: Белинен жаракат алган, абалы туруктуу. Калган 2 бейтаптын абалы канааттандырарлык делинип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Эске салсак, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылса, 1 жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланды.