Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында “КРнын мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоору мамлекеттик сырды сактоо тармагын жакшыртууга багытталган.
Депутат Ташполот Балтабаев “Мамлекеттик жашыруун сырлар менен таанышууга укугу бар адам иштен бошотулгандан кийин канча жылга чейин ал маалыматтарды сактап жүрүүгө милдеттүү?"- деген суроо берди. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Аман Мамбетсеитов сунушталып жаткан мыйзам долбоордо мындай пункт жок экенин айтты. Муну депутат туура эмес экенин билдирип: “Мамлекеттик сырлар менен таанышууга укугу бар адамдар иштен бошотулгандан кийин жашыруун сырларды 5 же 10 жыл сактап жүрүүгө милдеттүү" деп мыйзам долбоорго киргизүү керек. Болбосо андай кызматкер иштен бошотулгандан кийин баарын ачыкка чыгарып салат”,- деди.
Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов мамлекеттик жашыруун сырлар ачыкка чыгып жатканын айтты. “Улуттук коопсуздук кызматында канча кызматкер бар экенин, алардын маянасы канча экенин, кыргыз армиясында канча жоокер бар экенин баары билет”,- деди Абдрахманов.