Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку кеңештин депутаттарын экинчи ирет резиденцияга жолугушууга чакырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эл өкүлдөрүнүн бири тастыктады.
Эл өкүлүнүн айтымында, президент Жогорку Кеңештин депутаттарын бүгүн, 27-июль күнү саат 18:00дө резиденцияга жолугушууга чакырган. Азырынча эмне маселе талкууланары белгисиз.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын 21-июль күнү дагы резиденцияга жолугушууга чакырган. Президенттик аппарат жолугушууда социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер талкуулангандыгын билдирген.