Ош облусунун Өзгөн районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну 12 жаштагы кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу РИИБге маалымат берген.
Издөө иштери башталып, өспүрүм РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган.
"Ал өз көрсөтмөсүндө 23-июль күнү Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан дааратканада белгисиз жаран зордуктагандыгын айткан. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында 12 жаштагы кыз зордукталганы аныкталган. Бул факты боюнча 24-июль күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.