Бишкекте “Күз-2013” аталышындагы жеңил өнөр жай товарларынын IV көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин жыл сайын өткөрүлүүчү “Күз-2013” аттуу Жеңил өнөр жай товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманкеде жеңил өнөр жайга тиешелүү кийим, кездеме, жабдыктар коюлат. Иш-чарага өлкөдөгү 50дөн ашуун ишканалар катышат. Мындан сырткары чет өлкөлүк компаниялар да чакырылган. Япония өлкөсү аталган жарманкеге катышарын билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан