ЖКда "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңештин 30-октябрдагы жыйынында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КРнын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.  Мыйзам долбоору шайлоолордо добуштарды эсептөөгө чүчү кулак тарабынан тандалган шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрүн киргизүүгө багытталган.  

 

Ошондой эле байкоочулардын саны да каралып жатат. Ага ылайык 500 шайлоочуга 7ден кем эмес, 900гө чейинки шайлоочу катышкан участкага 9 байкоочу, 1200дөн көп шайлоочу катышкан участкага 11ден кем эмес байкоочу катышат. 

Көпчүлүк депутаттар муну колдобой турганын, ал тургай акылга сыйбай турган долбоор экенин айтып чыгышты. Демилгечи депутат Исмаил Исаков “бардык жаңы иш акылга сыйбайт” деп жооп берди.  

 

Ал эми депутат Ташполот Балтабаев мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. “Шайлоо участкасында шайлоого катышкан партиянын өкүлдөрү добуштарды туура санайбы же эч кимге кызыкчылыгы жок, акчага сатылганга даяр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү туура санайбы?”- деди Балтабаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан