Президент Атамбаев: “Парадокс, Кыргызстанда күнүнө 2 митинг өтөт, бирок инвестиция баары бир өсүүдө”

“Чыныгы инвесторлор негизги маселелер артта калганын түшүнөт”,- деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрда бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын алып жатып.

Президенттин сөзүнө караганда, ички дүң продукциянын жыл башынан бери  өсүшү -9,2 пайызды, ал эми түз инвестициялардын өсүшү -40 пайызды түзгөн.

“Парадокс, Республикада күнүнө 2 митинг өтөт, бирок инвестиция баары бир өсүүдө, анткени чыныгы инвесторлор, анын ичинде ички инвесторлор да негизги маселелер артта калганын түшүнүшөт”,- деп кошумчалайт өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан