Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Токио-2020" Олимпиадасынын катышуучусу, жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбековду жана анын машыктыруучусу Сатыбек Чокаевди сыйлады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, шаар мэри оор атлетчиге 100 миң, анын машыктыруучусуна 50 миң сомдун сертификатын тапшырган.
Нурсултан Кеңешбеков - Түркия чемпионатынын, Өзбекстан Кубогунун жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Ал эми мышыктыруучусу Сатыбек Чокаев - Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген жана жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу.
Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадада 3-август күнү 5 миң метр аралыкта жарышка түшөт.