“Кумтөр” боюнча айыпталып, үстүнөн кылмыш иши козголгон “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов парламентке келди. Айта кетсек, К.Осмоновго Башкы прокуратура тарабынан 28-октябрда кылмыш иши козголгон болчу. Бүгүн парламент жыйынында “Ата Журт” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Улукбек Кочкоров Осмоновду жыйынга чакырып, пикирин угуп коюуну өтүнгөн эле. К.Осмонов жыйындар залына спорттук кийимчен келди. Жыйындын түштөн кийинки бөлүгү баштала элек.