Ош. Шаардын эстакада көпүрөсүнүн курулушунда 50 адам иштөөдө

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштеринде 50 адам иштөөдө.  Бул тууралуу Шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакунов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сомго жакын акча каражаты сарпталган. “Суук түшкөнчө аталган аймакта жайгашкан суу түтүктөрүн алмаштырууга жетиштик” дейт Сатыбалды Абдылдакунов. 

 Мындан сырткары Ак-Буура жана Кара-Суу көчөлөрүн туташтырган жолдун курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат. Учурда иш алып баруучу топ экиге бөлүнүп, жарымы суу түтүктөрүн алмаштыруу менен алек, ал эми калган кызматкерлер Ак-Буура көчөсүндөгү жолду Кара-Суу көчөсүнө туташтыруу үчүн иш алып барууда. Эки жумадан соң бул жол менен коомдук транспорттун каттоосуна уруксат берилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан