"Токио-2020": Медалдардын саны боюнча Япония лидер болууда (тизме)

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Япония дагы да болсо Кытай менен АКШны артка калтырып, медалдардын саны боюнча биринчи орунда келүүдө.

Бүгүн, 29-июль Бишкек убактысы боюнча саат 07:45ке карата Япония 13 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Кытай 12 алтын, 6 күмүш, 9 коло медалы менен жайгашса, АКШ 11 алтын, 11 күмүш жана 9 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Federik
2021-07-29 08:59:13
Так жана туура маалымат бергиле? Америка биринчи орунда кетип атат.
0
Азат Бейшенбеков
2021-07-29 09:08:28
Federik, Саламатсызбы? Медалдардын саны боюнча өлкөлөр саат сайын, керек болсо мүнөт сайын алмашып турушу мүмкүн.
-2
modem4999
2021-07-29 12:03:37
Азат Бейшенбеков,анда ким куноолу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан