Чуулуу мыйзам: Депутат колдоо тапкан мыйзамга каршы экенин, анын ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев буга чейин Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына добуш берген эмес. Бул тууралуу депутат өзү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ белгилүү бир себептерден улам мен добуш берүүгө катышпай калгам. Менин ордума бул мыйзамды колдоп добуш берип коюшуптур. Мен бул мыйзамга башынан каршымын. Протоколго мени каршы деп белгилеп коюшуңуздарды суранат элем", - деди Иманалиев.

Кечээ, 28-июлда чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан