Бишкекте 50 жуптун үйлөнүү тою өтүүдө

Бүгүн, 30-октябрь күнү Бишкекте 50 жуп, жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өтүп жатат. Иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган. Министр Алиясбек Алымкуловдун айтымында, аталган иш чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнгөн эмес. Жаш түгөйлөр атайын түзүлгөн комиссия тарабынан өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынды. Кандай негизде тандалганы баарына эле маалым. Бүгүн кандай негизде тандалып алынганын айтып жаштардын маанайын түшүрүүнүн кажети жок. Буга мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн эмес. Демөөрчүлөр тарабынан колдоо болуп уюштурулду. Мындан ары да бул жакшы саамалык улантылат деп ишенем”,- дейт Алиясбек Алымкулов. Эске салсак, 2011-жылы 20 жана 2012-жылы 35 жуптун тою бир күндө өткөрүлгөн болчу.

 

Бишкекте 50 жуп үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан