ОшТУнун студенттери дүйнөлүк олимпиадада жарым финалга жолдомо алышты

28-октябрда Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин программист адистигинин студенттери программалоо боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышышты. Олимпиадага 1-5-курстун студенттеринен түзүлгөн атайын команда катышкан. Жыйынтыгында аталган команда 1-орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алышты. Ал эми олимпиаданын жарым финалы ушул жылдын 1-декабрында Санкт-Петербург, Тбилиси, Барнаул жана Ташкент шаарларында өткөрүлөт. Маалымат катары айтсак, олимпиада интернет аркылуу онлайн түрүндө өткөрүлүп, берилген тапшырмалар интернет түйүнүндөгү атайын программалар аркылуу аткарылды. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан