Тургунбек Кулмурзаев: "Кыргызгаз" 2010-жылга чейин 1 миллиард 20 миллион сом кредит алган"

“Кыргызгаз” ишканасы 2010-жылга чейин бюджеттен 1 миллиард 20 миллион сом кредит алган. Муну ЖКнын 30-октябрдагы жыйынында аталган ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Айтымында, “Кыргызгаз” дээрлик банкрот абалына келип калды. Ал эми депутаттардын “Ишкананы “Газпромго” эмес, кыргызстандык жеке ишкерлерге 1 долларга сатып, өзүбүз иштетсек болбойт беле?” деген суроосуна Кулмурзаев өлкөдө бул тармакты иштетип кете турган компания жок экенин айтты. 

Кулмурзаевдин айтымында, тармактагы жабдуулардын көпчүлүгү эскирип бүттү.  

 

Эскерте кетсек, жыйында Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын жеткирүү жана бөлүштүрүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы макулдашуунун долбоору каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан