“Кыргызгазды” сатып алган “Газпром” Кыргызстанга газ жеткирүүдө кыргыз тараптын мыйзамы менен иштейт. Муну парламенттин 30-октябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Ал эми “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы келишимде газды үзгүлтүксүз жеткирүү деген пункт киргизилүүдө. “Орусия Армениянын “АрмГаз” ишканасын 100 пайызга сатып алган. Орусиядан Арменияга газ түтүгү жок, Арменияга Ирандан 160 доллардан газ алып берүүдө. 2 жылдан бери Арменияда газ боюнча көйгөй жок”,- деди Кулмурзаев.