Бүгүн, 30-октябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы калк менен жолугушуулары башталды. Иш сапардын максаты - калк менен жолугушуп, аймактардагы элдин абалы менен таанышып, маселелерди жеринде чечүү. Министр иш сапары учурунда республиканын аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жасалып жаткан жумуштардын сапаты менен таанышып, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жер-жерлердеги иштеринин көрсөткүчтөрү тууралуу калктын пикирин угат. Министрдин 3 күнгө белгиленген иш сапарында Баткен облусундагы жергиликтүү тургундар жана райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги менен жолугушары
күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.