Ош мэриясынын алдында түзүлгөн кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган “Кепилдик фонду” өз ишмердүүлүгүн улантууда. Аталган фонд алгач 14 субъектке 1 миллион 283 миң сом бөлүп берүү менен өз ишин баштаган. Жыйынтыгында 126 жумуш оруну түзүлгөн. Маалымат катары айта кетсек, аталган фонд үстүбүздөгү жылдын февраль айында негизделген. Бүгүнкү күндө шаарда кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүдө ишкерлерге аз сандагы пайыздуу насыяларды берип келет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.