Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап анда, ал дагы коңшу казакстандык Эльмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:1 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбан кызы Олимпиаданын чейрек финалына чыкты. Чейрек финалда Айпери Медет кызы орусиялык күтүү делген Наталья Воробьева менен кез келет.