Бишкектеги Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде автобус жол кырсыгына кабылды. Бул ирет ЖКККББынын кызматтык унаасы менен сүзүшүп алганын интернетке тараган видеодон байкоого болот.
Учурда расмий маалыматтар бериле элек.
Эскерте кетсек, буга чейин жыл ичинде 500дөн ашуун автобус жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон.