Бишкектеги 4-кичи райондо сугат системасы уюштурулганга чейин бак-дарактарды отургузуу токтотулду. Бул тууралуу кечээ, 7-ноябрда шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин аталган аймакка болгон рейдинде маалым болду.
Маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы жашыл көчөттөрдү отургузуу аларды мындан ары багуу жана суу менен камсыз кылуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөндөн кийин гана жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.
Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арык куруу иштерин аяктоо жана сугат иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.