Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап анда, ал дагы коңшу казакстандык Эльмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Муну менен Кыргыз балбан кызы чейрек финалга чыгып, анда орусиялык күчтүү делинген Наталья Воробьева менен кез келип, 12:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен кыргыз балбан кызы жарым финалга чыкты. Эми ал бир эле атаандашын жеңсе жок эле дегенде күмүш байгеге ээ болобуз.
Жарым финалда Айпери Медет кызы дагы бир күчтүү делинген америкалык Аделин Мария Грэй аттуу балбан кыз менен кез келет.