Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда биринчи жолу: O!Bank өз кардарлары үчүн Apple Pay’ди ишке киргизди

Бүгүнтөн тарта Visa O!Bank карталарынын кармоочулары Apple Pay’ди колдонуу мүмкүндүгүнө ээ болушту. Бул — жөнөкөй жана коопсуз төлөө аспабы. Ал ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту сунуштоо менен, мобилдик төлөмдөр тармагын толугу менен өзгөртөт.

Контактсыз төлөм жүргүзүү үчүн, кардарлар iPhone’ду же Apple Watch’ту төлөм терминалына келтирүүсү жетиштүү. Apple Pay менен жасалган ар бир сатып алуу корголгон, анткени Face ID, Touch ID же түзмөктүн сыр сөзү менен ырасталат. Apple Pay азык-түлүк дүкөндөрүндө, дарыканаларда, таксиде, ресторандарда, кофеканаларда, чекене дүкөндөрдө жана көптөгөн башка жерлерде кабыл алынат.

Ошондой эле, тиркемелерден же интернеттен тез жана ыңгайлуу сатып алуу үчүн, кардарлар Apple Pay’ди iPhone’до, iPad’да жана Mac’та колдоно алышат. Каттоо жазуусун түзүүнүн же төлөм маалыматтарын көп жолу терүүнүн зарылдыгы жок.

Apple Pay’ди жөндөө оңой. «Мой О!» тиркемесинен же iPhone’дон — Wallet’ти ачып, «+» баскычын басып, нускаманы колдонуу жетиштүү.

Карта кошулгандан кийин Apple Pay’ди дароо колдонуп баштаса болот. Ушуну менен бирге, O!Bank картасынын бардык бонустары жана артыкчылыктары, анын ичинде 2%га чейинки кешбэк, сакталат.

Кененирээк: https://obank.kg/apple-pay

Apple Pay жөнүндө кененирээк: http://www.apple.com/apple-pay/

«О!Банк» ААК. КРУБдун 17.09.2024-жылдагы №044 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан