Камчыбек Ташиев: "Президент экөөбүзгө жалган жалаа жаап, күнөөгө баткандар бар"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбук баракчасына кимдир бирөөлөрдөн акча алды деген маалымат жалган экенин жазып, билдирүү таратты.

"Урматтуу мекендештер!
Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон
нерселерди жазып элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт.
Эми минтип мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча албайм, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат.
Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш-аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.
Буюрса, Кыргыз өлкөбүздү гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз", - деп жазды Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-08-01 21:22:04
Алга Камчы
+3
munduz2016
2021-08-01 22:38:29
Эл жер үчүн иштеп бергиле!
+1
adilbars
2021-08-02 09:14:09
Жакшы болсоңор эле жалаа жаап жатышабы? Же бир маселе барбы, элди иренжитип аткан? Бүт кыргызстандыктар күнөөкөр болуп атышабы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан