“Кумтөр” боюнча коррупциялык иштерге катыштыгым бар экендиги мындай турсун, эгер “Кумтөр” келишимдерине катыштыгы бар адам менен чай ичип же сүйлөшкөн болсом жооп берүүгө даярмын”,- деди “Кумтөр” боюнча айыпталып, үстүнөн кылмыш иши козголгон “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов. Депутат бул иш боюнча күнөөлүү адамды жоопко тартуу эмес, башка максат болуп жатат деген ойдо бүгүн, 30-октябрда парламент жыйынында өзүнүн үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берүүдө. “Менимче президент Алмазбек Атамбаевге туура эмес маалымат жеткирген адамдар бар. “Депутаттардын бирине да мындай тагдырды каалабайм. “Кумтөр” боюнча эч кандай күнөөм жок. Менден эч кандай шек санабагыла, Кыргызстандан эч жакка качпайм”,- деди Осмонов.