Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында “Кумтөр” боюнча айыпталып, үстүнөн кылмыш иши козголгон ("Ата журтчу") депутат Курманбек Осмонов сөз сүйлөдү. “Ооруканадан чыгып бул жерге келдим, азыркы абалым жакшы эмес. Кан басымым көтөрүлүп жатат”,- деди депутат. Ал өзү жаткан оорукананын дарыгерине телефон чалып, коркутуу болгонун да айтты.
“Прокуратуранын өкүлүмүн деген бирөө мен жаткан оорукананын дарыгерине телефон чалып “Осмоновду эмнеге жашырып жатасың?” деп коркутуптур. Мен жакшы болгондо чакырган жагына бармакмын. “Кумтөр” боюнча кымындай күнөөм болсо, аны жашырып коюуга абийирим жол бербейт. Айтмакмын “ушул келишим боюнча мындай катачылык кетирип коюпмун” деп. Бирок антүүгө азыр негиз жок”,- дейт депутат.