Биздин республикабызга чет жерден келип иштегендердин жарымынан көбүн, тагыраак айтканда, 67 пайызын кытайлар түзүп, 1-орунда турат. Бул тууралуу Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев бүгүн, 30-октябрда билдирди. Кытайлардын көпчүлүгү соода-сатык менен алектенсе, калгандары Кара-Балтада курулуп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда, Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун курулушунда эмгектенишет.
2-орунда Орусиядан, Түркиядан, Түштүк Кореядан келгендер ээлейт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2012-жылга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жарандардын 10 пайызы же 212 миң адам жумушсуз деп катталган.