Депутат Кожобек Рыспаев кесиптеши Р.Жээнбековго "Акаевдин убагында "дежур" саясатчы болгонсуң" деди

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын жеткирүү жана бөлүштүрүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы макулдашууну кароо артка жылдырылды. Көпчүлүк депутаттар бул маселе күн тартибине кошумча маселе катары кирип калганын, макулдашуу менен кенен таанышып чыгуу керектигин айтышты. 

Депутат Равшан Жээнбеков бул жөнөкөй маселе эместигин айтып, муну батыраак карап бүтөлү деген депутаттарды "дежур" деп атады. “Мурунку бийликтин тушунда да маанилүү маселелерди тез арада карап, колдоп берели деген "дежур" депутаттар болгон. Алардын айынан азыр өлкө кандай абалга келгени белгилүү. Бүгүн бул маселеге  “макул” деп добуш берген депутаттар кийин камаласыңар”,- деди Жээнбеков. 

Депутаттык сабырдуулукка чакырган вице-спикер Төрөбай Зулпукаров “кимдин бийлиги тушунда кайсы саясатчы "дежур" болгонун эл жакшы билет” деди.  Ал эми депутат Кожобек Рыспаев “азыр "дежур" болосуңар деген депутат (ред. Равшан Жээнбеков) Акаевдин учурунда өзү "дежур" болгон”,- деп кызууланды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан